Аба тамчылары менен жуккан кургак учук ( туберкулез)

 

24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата  Талас районундагы Кара –Суу мектебинде жана Көк-Ой айылындагы №6 кесиптик-лицейинде акция жургүзүлүп,дагы жыйырма сегиз мектепте бул ооруга каршы семинарлар өткөзүлдү.

 Талас  областтык кургак учук менен күрөшүү борборунун көп дарыга туруктуу кургак учук бөлүмүнүн дарыгери Байсабаева Дамира Ражаповна менен баарлашып,оорунун алдын алууда эмне кылуу керектиги жонүндөгү маегибизди окурмандарга сунуш кылабыз.

      -Дамира Ражаповна,дарыгер катары окурмандарга кургак учук оорусу  деген эмне?анын алдын алуу жөнүндө кененирээк маек куруп берсеңиз?

-Жакшы болот. Бул оору өлкөбүздөгү эң олуттуу маселелердин бири.Кургак учук — бул  аба аркылуу жугуштуу оору.Кургак учук оорусун негизинен кургак учук таякчалары пайда кылып,оорулуу адамдан дени сак адамга жөтөлүү,чүчкүрүү жана сүйлөшүү аркылуу жугат.Бул ооруну ар кандай курактагы адам жуктуруп алышы  жана  аны менен ооруп калышы мүмкүн.Биздин республикабызда көпчүлүк адамдарда кургак учуктун таякчалары бар,бирок алардын ичинен 10% гана аталган оору менен ооруп калышы ыктымал.Кыргыз Республикасында жыл сайын кургак учуктун жаңы учурлары катталат,тилекке каршы анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр дагы  бар.Бул оору менен ооругандардын  жарымынан көбү- ишке жарамдуу адамдар.

Оорунун  эң  негизи  белгилери жана эмнеге көңүл буруу керек?

-Кургак учуктун негизги бир нече белгилери бар алар:эки жумадан ашык жөтөлүү,тердөө,өзгөчө түнкү убакта,дене табынын жогорулашы,табиттин жоголушу,салмактын азайышы,алсыздык,себепсиз чарчоо болуп эсептелинет.Ушул белгилер пайда болгонун байкасаздар,тез арада жашаган жери боюнча УМБ, УДТ, ФАПтагы медициналык кызматкерлерге кайрылуу зарыл.Кургак учуктун белгилери болгон учурда толук камдуу текшерүүдөн өтүш керек, какырыкты изилдөөдөн өткөрүп,көкүрөк клеткасынын органдарына рентген жасатуу абзел.Кургак учук оорусу эрте аныкталса,дарыгерлер тарабынан өз учурунда туура дарылоо башталса толук сакайып кетүүгө болот.Бул оору-акысыз берилүүчү кургак учукка каршы дары каражаттары менен дарыланат.Көпчүлүк кургак учук менен ооругандар  дарылоо башталгандан тарта жугуштуу болбой калат,алар мурункудай эле жашоосун уланта алышат.

Кургак учукту бүгүнкү күндө кантип натыйжалуу дарылоо керек?

-Бүгүнкү күндө  Кыргыз Республикасында кургак учукту амбулатордук дарылоо натыйжалуу жана ылайыктуу ыкма катары активдүү жайылтылып жатат.Бейтап мындай учурда ооруканага жатпай эле,дары-дармектерди ичүү үчүн  жакын жердеги же ага ыңгайлуу болгон медициналык мекемеге барып дарылана алат.Стационардык же амбулатордук дарылоону биз дарыгерлер бейтап менен биргеликте аныктайбыз.

Бул ооруну  амбулатордук түрдө дарылоону туура эсептегенибиздин себеби, оорукана ичиндеги кургак учуктун оор түрлөрүн  жугуу коркунучун азайтат жана көнүмүш жашоосун улантууга ,коомго аралашууга жана үй-бүлөсү менен бирге боолууга мүмкүнчүлүк берет.

Кургак учук оорусунун эки түрү бар,сезимтал жана көп дарыларга туруктуу болуп бөлүнөт.Сезимтал түрү толук 6 айдан 8 айга чейин дарыланса толук айыгат,ал эми дарыларга туруктуу түрү 18 айдан 24 айга чейин созулуп дарыланат.Көп дарыларга туруктуу кургак учук-бул ооруну козгогуч(кургак учук микобактериясы) туруктуу таякчасы,тактап айтканда бул ооруга каршы- дарыларга  баш ийбөөсү,изониазидге жана рифампицинге туруктуу болуп эсептелген кургак учуктун өзгөчө түрү болуп саналат.

-Айтсаңыз кургак учуктун сезимтал түрүнөн  көп дарыларга туруктуу түрүнө  кандайча өтөт?

-Ооба абдан жакшы суроо болду.Кургак учуктун көп дарыларга туруктуу түрүнө өтүп кетүүнүн бирден бир себептери-дарылануу режиминин бузулушу болуп саналат.Алар:дарыны кабыл алууда тез-тез үзгүлтүкө учуратуу,дарыланууну аягына чыгарбоо,туура эмес химиялык схемалары,дарынын төмөн өлчөмү жана башка ушул сыяктуу учурлар.Ошонун натыйжасында бактериялар коргоо механизмдерин тез иштеп чыгышат дагы негизги катардагы кургак учука каршы дарыларга туруктуу болуп калышат.Көп даарыга туруктуу түрү менен ооруган адамда микобактериялар бат көбөйүп ,айланасындагы адамдарга оңой эле жугат.

Бул оорунун туруктуу түрү өнүгүшү жана жайылышы жагынан кадимки кургак учуктан эч айырмаланбайт.Ооруну жайылтуунун башкы жолу бул аба тамчысы болуп саналат.Ошондой эле көп дарыга туруктуу кургак учук бейтап дарыларды кабыл алууну үзгүлтүккө учуратса ошонун дарылоо фонунда өнүгөт.Бул дартты кургак учук микобактерияларынын дары-дармектерге сезгичтигин аныктоо ыкмасы аркылуу билинет.Дартты аныктоодо азыктануу чөйрөсүнө-какырыкты өстүрүү менен бирге рифампицинге жана изониазидге туруктуулукту аныктоочу молекулярдык-генетикалык тесттер кирет.

    Кургак учукту толук жана экинчи ирет кабылбагыдай кылып айыктырса болобу?

Бул ооруну дарылоо башынан аягына чейин түздөн-түз медициналык байкоо менен көзөмөлгө алынуусу шарт.Көп дарыларга туруктуу кургак учук 2-катардагы дарылар менен жогоруда айтылгандай 18-24 ай жана андан ашык дарыланат.Ушул кезде гана КДТ-КУ бардык микобактерияларын жок кылганга жетишет.Дарылоо 2 фазада жүргүзүлөт:1-фаза бул ийне сайып дарылоочу мезгил,8 айга чейин жүргүзүлөт.Күн сайын 6 түрлүү дары-каражаттары кабыл алынат.Дарылардын ар биринде оорунун бактерияларын жок кылуучу өз таасирлери бар: мисалы, алардын биринде кургак учуктун микобактериясынын чел кабыгын бузат,башкалары көбөйүшүнө тоскоолдук кылат,үчүнчүлөрү алардын зат алмашуусуна таасир берет.Бул мезгилде клеткадан тышкары жайгашкан кургак учук бактериялары өлөт жана оору адамдын өзүнө дагы  айланасындагы адамдарга да коопсуз болуп калат(жугуштуу болбойт).

2-фаза бул колдоочу мезгил,дарылоодо оорунун белгилери жок болуп,бейтаптар өзүн жакшы сезип калат.Бирок муну менен дарылоону такыр токтотпоо керек,анткени клеткалардын ичинде калган кургак учук бактериялары,жашоо мүмкүнчүлүгүн жоготпойт.Дарылоо курсу аяктагандан кийин гана клеткалардын ичиндеги бактерияларды аягына чейин жок кылуу мүмкүн болот.Көп дарыларга туруктуу кургак учукту дарылоо узак убакытка созулат жана сакайтуу кыйынга турат.

Сакайуу үчүн дары дармектен сырткары дагы эмне кылуу керек?

-Дарылануудан сырткары белок азыктарын жана витаминдерин камтыган 4-5 жолу жогорку калориялуу тамактар менен азыктануу зарыл,алсак: сүт азыктары, жер-жемиштер жашылчалар,ширелерди колдонуу болуп саналат,бул азыктар дарыны көп ичкен учурда ичегилердин иштешин жакшыртат.Бул кезде майлуу,ачуу тамактарды ичпөө керек,анткени мындай тамактар боордун иштешинин начарлашына алып келет.Элдик медицинаны айта кетсем,кымыз,бал,прополис,жаңгак,атайын дары чөптөр организмди коргоочу күчун орусча айтканда имунитетти жакшыртып, какырыктын бөлүнүп чыгышын тездетет.Булар жөн гана жардамчы каражат катары  колдонулат,алар кургак учуктун бактерияларын жок кылбайт.

      Жаңы дарылоо режими деген эмне ?

“Кургак учукка каршы туруу” долбоору Кыргыз Республикасында жергиликтүү өнөктөштөр менен биргеликте Буткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган дарылоонун жаңы режимин жана кургак учукка каршы дары-дармектерди киргизүү үчүн иштеп жатат жана көптөгөн дары-дармектерге туруктуу кургак учук менен оорулардын баарын кучагына алат.Жаңы дарылоо режими бул-кыска мөөнөттөгү жана жеке мөөнөттөгү режим.Эгерде бул оору менен жабыркаган адам биринчи жолу кургак учуктун 1-катардагы дарыларга туруктуу түрү менен ооруса алар 9 айдан 12 айга чейинки кыска мөөнөттөгү режим менен дарылана алат.Ал эми көп дарыларга  туруктуу түрү менен ооруса жеке мөөнөттөгү режим  ооруга каршы жаңы киргизилген дарылар менен  18 айдан 24 айга чейин дарыланышат.

Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча жаңы режим менен дарыланып жаткан 16 бейтап катталган,анын ичинен 2 бейтап кыска мөөнөттөгү режим менен 10 ай дарыланып толук айыгып чыккан.

Бул дартты айлана-тегерегиндегилерге жуктурбоодо эмне кылуу абзел?

Кургак учук менен ооруган адам бактерия бөлүп чыгаруу мезгилинде беткап кийүүсү зарыл.

Оору бактерияларын бөлүп чыгаруусу толук токтомоюнча башка адамдар,өзгөчө балдар менен сүйлөшпөө жана катташпоо керек.Сакайгандан кийин ,2-жылдын ичинде кайра ооруп калбас үчүн 1-2 жолу текшерүүдөн өткөнү жакшы.

 

Маектешкен  Медина МУРАТАЛИЕВА