Апрель баатырларын эскеребиз…

7-апрель элдик революциясына быйыл 8 жыл толду.  Орто-Арык айлында  6-апрель күнү  Элдик революцияда шейит болгон баатырларга арналган эскерүү салтанаты болуп өттү.

Ш. Нурбаев атындагы орто мектепте өткөн эскерүү салтанатына  КР Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Жаркыналиева, Талас районунун акиминин орун басары К.Табышов катышты. Ата-энелер, айылдын жашоочулары, мектеп окуучулары Орто-Арык айылынын  кулуну Жолчубек уулу Урматты эскеришип, аза күтүү мүнөтүнөн соң, окуучулар  апрель революциясына арналган ырларды  жатка айтышып, сценкалар көрсөтүлдү.

Урматтын атасы Жолчубек байке эскерүү сөзүн сүйлөгөндө отургандардын көзүнө жаш тегеренди. Мектеп директору  К.Кабышбеков, Долоно айыл аймагынын башчысы Т. Жоробеков сөз сүйлөп,  88 эр-азамат өмүрүн алган апрель Элдик революциясында курман болгон Урмат сыяктуу патриот жигиттердин аты унутулбай тарых бетине алтын тамгалар менен жазылып, жаш муундарга үлгү болоорун айтышты.