Апталык маалыматтар

                                            Мал  жоготуу

Талас  районунун  Калба  айылынын  Куруч  көчөсүнүн  №20  үйүнүн  тургуну    Аязбекова  Кенжекан  Дүйшөнбековна  арыз  менен  кайрылган. Себеби, 2018-жылдын  26-апрель  күнү  болжолу  саат  17:00  чамасында  Калба  айылынын  “молоко” сайынан  бир  баш  эшек , кара  кодиги  менен  аркандалып  турган  жеринен  жоголуп  кеткендигин  билдирген.

                                            Кокустук

2018-жылдын  28-апрель  күну  саат  16:30  чамасында  Талас  районунун  Арал  айылындагы  “Сүйүтбеков” атындагы  кичи футбол  аянтчасында  Талас  районунун  Арал  айылынын  Чыныке –Бий  көчөсүнүн  №186  үйүнүн  тургуну  28.06.2002-жылы  туулган  Ниязбеков  Нурбек  Болотканович  өзүнүн  классташ  балдары  менен  футбол  ойноп  жаткан, ошол  учурда  Н.Ниязбеков  дарбаза  тосуп  турган, дарбазанын  үстүнө  колу  менен  асылып  күүлөнүп  жатып  кокусунан  дарбаза  жерге  ооп  кулап  кетип ,Н.Ниязбековдун  башын  басып  калып  окуя  болгон  жерден алган  жаратынан  каза  болгон.

                                      Дайынсыз  жоголуу

Талас  районунун  Кеңеш  айылынын  Шейшен  көчөсүнүн  №6  үйүнүн  тургуну  Касмалиев  Максат Узбекович   арыз  менен  кайрылган  себеби, 2018-жылы  1-май  күнү  саат  10:30  чамасында  жогорудагы  көрсөтүлгөн  даректен кызы 29.08.2006  жылы  туулган  Касмалиева  Наиля  Максатовна  эшике  чыгып  кеткен  бойдон  кайрылып  келбегендигин  билдирген.

Талас  РИИБнүн  башчысы

милициянын  подполковниги        Өмүралиев Б.М.