Арыктайбыз, сулуу болобуз

Жаз келди. Эми жеңил кийимдерди кийе баштайбыз. Бирок кабат-кабат май баскан денеге кандай кийим болбосун жарашпайт эмеспи.  Балахон кийимдер болсо баарыбызга ылайык келбейт.  Андыктан арыкташыбыз керек. Адатта арыктоо жөнүндө сөз болгондо эле дароо спорт менен машыгыш керек, фитнес дейбиз. Бирок, толук адамдарга  жеңилдебей туруп спорт менен машыгуу чоң түйшүк. Жүрөккө, боорго зыян келтирип, кан басымды көтөрүп жиберет. Андыктан арыктаганды каалагандар алгач диета кармашы зарыл. Ал эми азыркы учурда козу карындай жайнап чыгып жаткан “майды эритүүчү” түркүн чайлар, дарылар,  коктейль, кофе жана башкаларды ичип алып эле диванда жатып арыктап калам деген бул жөн гана миф. Арыкташ үчүн күчтүү каалоо жана эрктүүлүк керек.

Айымдарга эң жөнөкөй жана таасирдүү диеталарды сунуштайбыз.

ЭРЕЖЕ: диета кармагандардын акыркы тамак ичүүсү 17.00до  болгону дурус. Бир суткада 1,5 литр суу ичилиш керек. Газдалбаган, таза, жылуу суу. Булактын суусу болсо андан да жакшы.

Камыр тамактардан, ачуу татымалдардан, туздуу тамактардан жана таттуулардан + спирт ичимдиктеринен, коко-кола, ж.б. газдалган баардык суусундуктардан баш тартыңыз.

Жөнөкөй диета

Эртең менен сууга бууланып бышкан  2 даана (мундир) картошка.

1 даана бадыраң. Бир кесим катуу нан.

Сүт акталган (кумшекер кошулбаган) 2 стакан чай ичиш керек.

Түштө 14.00.15.00 чейин кайнатылган майсыз уй же тоок этинен шорпо.

Туз кошулбаган, майонез кошулбаган капуста салаты.

17.00до 1 стакан айран же сүт.

Кечкисин таза суу гана ичиш керек.Бул диетаны  7 күн кармаңыз.  Орто эсеп менен 3 кг.-5 кг чейин арыктай аласыздар.

Банан жана сүт

Эртең менен 1 даана банан, 1 стакан сүт.

Түштө 1 даана банан, 1 стакан сүт.

Саат 17.30да 1 стакан сүт.

Бул диета дагы 7 күнгө созулат.  Орто эсеп менен 3 кг. – 5 кг. арыктайсыз.

Жалаң айран, жалаң суу…

Бул диета 7 күн ичинде 7 кг.чейин арыктата. Бир күндө 2литр таза, жылуу суу жана 1,5 литр майсыз айран гана ичиш керек.

Алма, бадыраң жана айран

Эртең мененкисин  бир тарелка туз кошулбаган бадыраң салаты,  2 стакан майсыз айран.

Түштө 3 даана алма жана 2 стакан айран.

Саат 17.30да Бир даана бадыраң, бир алма, 1 стакан айран.

Бул диетаны  5 күн кармап, 4 кг чейин арыктасаңыз болот.

Гречка диетасы

1 же 2  жумага созулат. Жыйынтыгында 5-8 кг. арыктайсың.

Гречканы 5 саатка чейин кайнак сууга салып демдеп коесуң же айранга чылап коюш керек. Айранга чыланып жумшарган гречка сууда жумшарган гречкага караганда кыйла даамдуу жана пайдалуу.

Эртең менен, түштө, саат 17.00го чейин  үч маал 1 порциядан же 0,5 порция жесең болот.

Диета “Топ-модель”

3 күнгө созулган бул диетада 3-5 кг арыктайсын.

Эртең мененкисин 1 даана сууга бышкан  жумуртка, 300 грамм быштак.

Түштө 1 даана жумуртка 1 стакан сүт.

17.00до  1 стакан айран.