Ар бир күн мааниге ээ

Ар бир күн мааниге ээ

Дүйшөмбү – (фарсыча “душамба”) Дүйшөмбү дүйнөнүн бүткөн күнү. Аалам ушу күнү пайда болгон деген түшүнүк бар. Жер ааламы да ушул күнү түптөлгөн имиш. Ошондуктан дүйшөмбүдө үй-жайды ысырыктап, үй бүлө мүчөлөрү алыска сапарга чыкпай, үйдө болуусу керек. Анткени дүйшөмбүдө сапарга чыккан кишини кырсык тооруйт, бул күнү жин-шайтандар жол чалып, жолдо болот деген ишеним бар.

Шейшемби (фарсыча “Сешамба”) шейшемби жалгыздын күнү. Ата-энеден жалгыз төрөлгөн бала сапарга чыгууга болбойт. Бойго жеткен кыздар айыл-апага чыкпайт. Жалгыз бала жолго чыкса мертинип калуусу мүмкүн.

Шаршемби  (фарсыча –“чоршамба”) шаршемби жеңил күн. Дал ушул күнү табыптын пири, касиеттүү Улукман төрөлгөн имиш. Ошол себептен шаршембиде малды бычуу, уул баланы сүнөткө олтургузуу ырасмий ырымдарын жасашат. Шаршембиде сыркоолор табыпка көрүнсө жеңил айыгышат. Шаршембиде наштар менен кан алуу, сыныктарды салуу, жарааттарды кайра  таңуу иштери жүргүзүлөт. Дары чөптөрдү талаадан терүүнү дагы тамырчы табыптар шаршембиде башташкан.

Бейшемби (фарсыча “панжшамба”) “Бейшембиде бел чечет” деген кеп бар элде. Бул күн бүтүндөй жер бетинде берекенин күнү башталып, нугунан тартылган суу дагы ушу күндө  толуп агат имиш. Жүзүм бутоо, эгин оруу, кырман жанчуу иштери бейшембиде башталган. Сыбызгы, комуз жыгачын да ушул күнгө туштап табышат. Үй жандыктарын, бодо малдарды үйүргө кошуп, тоокко балапан бастырып, тегирменге ун тартуу иштерин кыргыздар бейшемби күнү жүргүзүшкөн. Уул үйлөнтүп, кыз узатканды да берекелүү бейшемби күнгө белгилешет. Арбактарга куран окутуу, кырк аш, жетилик өткөрүү дагы бейшембиде жасалат.

Жума  (арабча жумгэ) бул күнү береке тилеп, бел чечкен жандуунун баары эс алат. Адамдар  тиричилигин жасабайт. Бардык үй бүлөдө жакшы тамак жасалып, куран окутулат. Эркектер жума намазга барып, эл-журтка, үй бүлө, бала-бакырасына амандык тилейт. Жазга маал жылкычы кучкач ушул күнү келет. Балык ушу күнү таң эртеден төмөн көздөй сүзөт. Жылкычы кучкач жума күнү келип, “Апеей мобул өлбөй тирүү экен” деп сайрайт имиш. Балыктын, жылкычы кучкачтын тилеги жаман болот, көз тийет деп кыргыздар жумада кир-кок жуубай, жаңы иш баштабай, үйдөн алыс чыккан эмес.

Ишемби (фарсыча “Ишемби”)  Иштин башы ишемби деп бул күнү бейшембиде, жумада эс алган эл ишке киришет. Үйдүн жерпайы ушул күнү коюлат. Соодагерлер жолго чыгат. Ишемби жаңы иштин башталышына ыңгайлуу күн.

Жекшемби – соода-сатык күнү. Бул күнү базарлар ачылып, алака-келишимдер түзүлүп, айырбаштоо иштери жакшы жүргөн. Жекшембиде мусулман элдеринде карысы-жашы, аялы-эркеги дебей базарга чыгып, жаңы кийим-кечек, тамак-аш сатып алышкан. Жекшемби арзанчылык, береке,бейпилдиктин күнү.