Баланы туура тарбияланыз

Бала тарбиялоодо 7 ката

1. Күнөөлөө жана коркутуу

Бала туура эмес иш кылып койсо “Уяты жок”, “Андай кылсаң таштап кетем”, “Сенин айыңдан ушундай болду” деген сыяктуу коркутуу сөздөрү менен аны тарбиялайм десеңиз жаңылышасыз. Мындайча коркутуп-үркүтүү аны тартынчаак, уялчаак балага айлантат. Сиз баланы өзүн күнөөлүү сездирүү менен аны жалтак жана чечкинсиз кылып алышыңыз да мүмкүн. Ал ар бир ишти кылууда өзүнө болгон ишеничтин жоктугунан, коркуу менен аткарып калат. Жаш балдар ишенчээк болгондуктан ар бир коркутууну жүрөгүнө жакын алат. Андыктан баланы сөз менен туура түшүндүрүү аркылуу гана тарбиялоо туура.

2. Салыштыруу

Баланы “Кошунанын баласындай жоксуңбу?”, “Тигинин баласын карачы” деп башка балдарга салыштыруу баланын өзүн-өзү баалоосун төмөндөтөт. Ал ички дүйнөсүндө өзүн басынтып, лидерлик сапаттарын жоготот да, өзүн салыштырган балага болгон жек көрүүсү артат. Көпчүлүк учурда мындай балдар салыштырган кошунанын баласына теңелүүнүн ордуна бардык ишке кайдыгер мамиле жасап калат. Эне баласын башкага салыштыргандын ордуна “Сен жасай аласың”, “Сенин колуңдан келет” деп шыктандырып туруусу оң натыйжа берет.

3. Тыюу салуу

Балага карата колдонулган белгилүү бир тыюу салуулардын түшүндүрмөсү болушу керек. Себеби балада: “Эмне себептен мага тыюу салып жатышат?” — деген суроо болбой койбойт. Ата-эненин балага кылган тыюулары негиздүү жана себептүү болушу керектигин аңдап түшүнүүсү керек. “Тигини кылба, муну кылба” деген көрүнүштөр улана берсе, бала үчүн ал жөнөкөй көнүмүш адат болуп калат. Бара-бара тыюу салуулар ага таасир этпей калат. Андыктан баланын ден соолугу үчүн коркунуч туудурган нерселерге гана түшүндүрүү менен тыюу салуу керек. Алсак, “Столго чыкпа” дегендин ордуна “Столдон тамак жейбиз, анын үстүндө биздин ырыскыбыз турат же кулап кетсең бир жериң ооруйт” деп түшүндүрүү керек.

4. Көңүл бурбоо

Көпчүлүк ата-эне иш менен алек болуп, баласына анча көңүл бурбай калат. Эртең менен бала бакча, мектепке жеткирип, кечинде тосуп алып тамак берип, жаткырып коюу менен милдетимди толук аткарып жатам деп ойлойт. Натыйжада баланын ата-энеге болгон муктаждыгын сезбей жүрө берет. Бала ата-энесинин көңүлүн өзүнө бурдуруш үчүн ар кандай аракеттерди кылат. Достору менен ойногонго караганда апасы менен сырдашып, ойноп, анын жомогун угуу баланын эсинде түбөлүк сакталып калат. Мындай бала ата-энеге мээримдүү, күйүмдүү болуп чоңоёт. Ал эми эненин мээримине зар болуп чоңойгон балдар тышкы таасирлерге берилип кетет да, ата-энесин сыйлабастан бой жеткенде сөз укпай, өз алдынча болууну тандап кетет.

5. Терс үлгү

Балдарга жакшы тарбия берем десеңиз аны эле үйрөтө бербестен, өз жүрүм-турумуңузга да көңүл буруңуз. Мамилелер ортосунда сиздин айткан сөзүңүз, жасаган иш-аракетиңиз өзүңүзгө бумеранг болуп кайтып келет. Андыктан эмоцияңызды көзөмөлгө алууну үйрөнүңүз. Эгер кимдир бирөө менен баланын көзүнчө урушсаңыз, балаңыз да урушчаак болуп, чоңойгондо агрессивдүү мамиле жасап калат. Кокустан баланын көзүнчө катуу урушуп алсаңыз, балага туура эмес кылганыңызды айтып, андай кылбаш керек экенин түшүндүргөнүңүз туура.

6. Баладан көптү күтүү

Жаш кезинде өз кыялына жетпей калгандар ошол максаттарын балдары ишке ашыруусун каалашат. Ал үчүн балдарын өзү каалаган ар кандай ийримдерге алып барып, баланын каалоосун эске алышпайт. Бала үйдөгүлөрдүн көңүлүн кыйбай барганы менен бой жеткенде өз жолун таба албай, ара жолдо калышы мүмкүн. Ал каалоосу бала чагынан калыптанбагандыктан, чоңойгондо бир чечимге келе албайт. “Сен чоңойгондо балерина болосуң” же “Чоңойгондо бизди багат, үй алып берет” деп, андан көптү күтүү баланы жаш кезинен көп ойлондуруп, депрессияга да алып келет. Андыктан балаңызды бир канча ийримге катыштырып көрүп, шыгы барына жана өз каалоосу менен барган жерге гана алып барыңыз.

7. Кайдыгер мамиле

Ар дайым телефонго алаксыган баланы “Мейли, тынчыбызды албай отура берсин” деп коюу — ата-эненин эң чоң катасы. Учурдагы ата-энелер баланын ар кандай түйшүгүнөн качышып, өздөрү телефон карматып, компьютердин алдына отургузуп коюшат. Ал баланын ден соолугуна гана терс таасир бербестен, анын келерки жүрүм-турумуна дагы таасир берет. Жаңы технологияларга көнүп калган бала тышкы чөйрөгө аралашпай, виртуалдык жашоо менен жашап калат. Бала бой жеткенде өзү теңдүүлөрдөн акылы боюнча артта калып, телефон менен достошкон зомбиге айланат.

Медина МУРАТАЛИЕВА