Бишкекте өткөн көк-бөрү

Бишкек  шаарынын  140-жылдык  мааракесине  карата  арналган  көк-бөрү  улуттук  оюну  болуп  өттү, бул  оюнга  кыргызстандын  аймактарынан  келген  көк-бөрүчүлөр  катышышты.

Жыйынтыктоочу  мелдеш  28-апрелде  “Ак  Кула” борбордук  ипподромунда  болуп, алтын  медалга  “Бакубат  Талас” жана  “Сары  Өзөн  Рассвет” командалары  мелдешке чыгышып, жыйынтыгында   “Бакубат  Талас” командасы  жеңишке  ээ  болду.

Ошентип, утуп  алган  командага  баш  байге  “Нива” үлгүсүндөгү  автоунаа  берилди.

2-орунга  “Сары  Өзөн  Рассвет” командасына  100миң  сом.

3-орунга  Оштон  келген “Көлдүк” командасына  75 миң  сом.

4-орунга  “Арашан-Бишкек” командасы  50 миң  сомдук  акчалай  байгелер  ыйгарылды.

Медина  МУРАТАЛИЕВА.