Демилгелүү токту айым

Мүнөзү. Токту айымдардын дээрлик баары демилгелүү, абдан жигердүү. Алар дайыма талашып тартышып өзүнүн ой-пикирин таңуулап, кыскасы уруш чатактын үстүндө жүрүшөт.  Акылдуу, тың, өзүн абдан мыкты сезген эркек мүнөз токту айымдар дайым биринчи болгусу келет. Отуруп күтө берүү ага ылайыксыз, ал дайыма чуркап, иштеп, кыйынчылыкта ыйлап сыктабай, бирөөнүн жардамына муктаж болбой  өз алдынча жанталашып иштей бергенди туура көрөт. Максатына жетүү үчүн Токту айым токтолбой, тоскоолдуктарды жеңип өтүп кете берет. Өзү билген ишти башкага тапшырганды каалабайт. Ал дайыма текшерип баарын көзөмөлдөп турат. Андыктан аны алдап кете алышпайт. Уруш-талаш, атаандашууга келгенде алдына киши салдырбайт. Душмандарынын сары изине түшүп өч алууну пландайт. Дайыма кыжырданып бирөөлөр менен душмандашуу токтулардын ден соолугуна зыян келтирип, натыйжада өнөкөт баш ооруу, нерв чыңалуусу, жүрөк кан тамыр илдеттерине көп чалдыгышат. Көбүнчө токтулар невролог, психотерапевттин жардамына муктаж болушат.

Үй бүлө жана сүйүү. Үй бүлөсүн да, жумуштагыларды да баш көтөртпөй башкарып алгысы келет. Токту айымдын жубайы да ага толугу менен баш ийип колдоп туруусу кажет. Токту айымдар жалгыз деле жашай беришет. Тилекке каршы, көп  жигиттер мындай эркек мүнөз айымдар менен чогуу жашай алышпайт. Андыктан сүйүү жаатында токту айымга кыйынчылыктар көп болот.

Карьера. Токтулар аялдар менен баш ооруткусу келбейт. Көбүнчө жигиттер менен иштешет. Токту айымдардын арасынан мыкты бизнес ледилерди, саясатчыларды,  партия лидерлерин, жарнама агенттерин, мугалимдерди, насаатчыларды, журналист-алпаруучуларды, компания жетекчилерин жолуктурууга болот.

                                             Саясатчы: Ирина Хакамада 13-апрель,

                                        Атактуу ырчы Алла Пугачева 15-апрель.

                                             Актриса Кира Найтли  26-март.

                               Актриса, алып баруучу Анастасия Заворотнюк 1-апрель.

                                                  Ырчы Валерия 16-апрель.

                           Муз үстүндө бийлеген чемпион  Татьяна Навка 13-апрель.

                                    Экс губернатор Койсун Курманалиева 1-апрель.

                                        Актриса Шайыр Касымалиева 14-апрель.

                                           Актриса Элина Абай кызы 2-апрель.