Жолборс көздүү асыл таш

 

Бул анчалык кымбат эмес, жасалма кварцтан чыккан асыл таш. Ал жолборстун көзү сыяктанып күрөң-саргыч болуп кубулуп турат. Ташта Күндүн табы, Абанын кудурети жана Жердин күчү бар деген уламыштар айтылат. Ошондуктан  жолборс көздүү асыл таш пайдалуу. Аны тагынса адамдардын ой-кыялы ишке ашат деген ишеним бар.

Байыркы Римде асыл ташты  согушка аттангандар жеңишке жетиш үчүн тагынган.

Египетте балдарды көз-назардан сакташ үчүн тумар катары пайдаланышкан.

Негизи бул асыл таш  каар-жамандыктан, көрөалбастык жана ушак-айыңдан, дуба-каргыштан сактай турган тумар.

Жолборс көздүү ташты банкирлердин асыл ташы деп атасак болот. Себеби, алтын түстөнгөн асыл таш финансылык иштердин ийгиликтүү болушуна шарт түзүп, пайдасыз соода-сатык жасоого жол бербейт экен. Күн планетасына таандык бул асыл таш акча энергиясына жол ачат.

Асыл таш медицинада дагы колдонулат,асыл таштын жардамы менен табитти ооздуктоого болот. Демек, арыктайм дегендерге пайдалуу. Сөөктөрдүн бекемделишине көмөк берет. Эң башкысы унутчаактыкты дарылайт жана депрессиядан чыгарат.

Негизи бул асыл таш бардык зодиак белгилерине пайдалуу. Ал эми астрологдор Бийкеч жана Эгиздер белгисине сунушташат.