Жумалык маалымат

Мал уурулук

30.03.2018-ж Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын Камчыбек көчөсүнүн № жок үйүнүн тургуну 1975-жылы туулган Исаков Улан асанкулович,арыз менен кайрылган,себеби 2017-жылы ноябрь декабрь айларынын ичинде эки баш ак,кара түстөгү койлорун айылдашы 1994-жылы туулган Кожомберди уулу Аманбек уурдап кеткендигин билдирген

                                                        Кокустук

30.03.2018-жылы Талас РИИБнүн И.Алмазбек уулунун билдирмеси,себеби 2018-ж 30-март күнү болжолу саат 13:10 чамасында Талас районунун Үч-Эмчек айылынын Кудабай көчөсүнүн №жок үйүнүн тургуну 1977-жылы туулган Отунчиева Замира Салыбаевна айылынан ат арабада бара жатып,кокусунан кулап башын оорутуп алып ТОБОнун кабыл алуу бөлүмүнө «сотресение головного мозга»деген диагнозу менен келип түшкөндүгүн билдирген.

                                                     Алдамчылык

30.03.2018-жылы Талас районунун Кара-Суу айылынын Оторбаев көчөсүнүн №160 үйүнүн тургуну Сыргабеков Таласбек Анарбекович арыз менен кайрылган,себеби 2017-жылдын 25-декабрь күнү Эрлан аттуу бала ишеничине кирип G7 үлгүсүндөгү базар баасы 10.000миң сомду түзгөн телефонун алып акчасын берем деп качып бербей жаткандыгын билдирген.

                                                    Тоноочулук

02.04.2018-жылы Талас районунун Арал айылынын Чыныкебий көчөсүнүн №75 үйүнүн тургуну 1975-жылы туулган Дүйшембиев Дастан Ашырсултанович арыз менен кайрылган,себеби 2018-ж февраль айынын аягында Арал айылынын баласы 21.03.2000-жылы туулган Ашырсултанов Гүлжигит Дастановичтин өзүнө тиешелүү болгон «Samsung g2 praim»үлгүсүндөгү уюлдук телефонун бей тааныш Акжол жана бир бала коркутуп тартып алгандыгын билдирген.

                                           Жол кырсыгы 

02.04.2018-жылы Бишкек ШИИБнүн ЖКККнын 08.02.18-ж 20м-1129 сандуу Талас РИИБнүн кириш китебине №390 сандуу болуп катталган.себеби 03.02.2018-ж Бишкек шаарынын Бейшеналиева көчөсүнүн №29/51 батиринин тургуну 1972-жылы туулган Байтикова Дариха Тургуналиевна Талас районунун аймагынан жол кырсыгына кабылып Азыркы учурда Бишкек шаарынын №4 ооруканасынын жаракат бөлүмүндө «закрытый перелом нижней третий,верхней третий малоберловой кости»деген диагнозу менен түшкөндүгүн билдирген.