Жылдыз белгилерине кандай асыл таштар сунушталат?

Жылдыз белгилерине кандай асыл таштар сунушталат?

Алтын шакек адамдын күч-кубатын арттырат, моюнга тагылган алтын чынжыр адамдын аң-сезиминдеги терс энергияларды тазалап туруучу күчкө ээ жана үндү коңгуроодой жагымдуу кылууга таасир тийгизет. Андыктан үн менен иштегендер алтын чынжырды дайыма тагынышы керек. Алтын сөйкө аялзатынын ажарын ачып, теринин таза, тунук болушуна жардам берет, ал эми алтын кандын айланышына оң таасир берип, кан басымынын бир калыпта болушуна өбөлгө түзөт. Сары алтын – Арстан, Жаачы, Букачар жана Токту белгилерине жагат. Ак алтын – Эгиздер,Текечер, Таразага сунушталат.
Байыркы славяндар күмүш жасалгалар аялзатына “Мени тагын, мен сенин алдыңа бүт дүйнөнүн эшигин ачам” деп айтат дешкен. Күмүш канды тазалоочу касиетке ээ, андыктан күмүш жасалгаларды үзбөй тагынган адам жашарат. Күмүш сөйкө кулак оорусунан сактайт. Сол колдун манжасына тагылган күмүш шакектер жүрөк ооруна дабаа болсо, күмүш билерик кан басымы жогорулап кеткенде анын нормада болушуна жардам берет. Күмүш чынжыр тагындардын эс тутуму жакшырат.
Күмүш – Суукуйду, Бийкеч, Бөйөн, Чаян, Балыктарга дал келген металл.
Асыл таштардын касиети тууралуу да кыскача айта кетели:
Рубин адамдын лидерлик сапатын күчөтүп, ал каалаган даражага көтөрүлүүсүнө жардам берет. Арстан жана Токтунун асыл ташы. Бөйөнгө рубин жакпайт.
Топаз аялдардын тукумдуу болушуна шарт түзөт. Ошондуктан топазды египеттик аялдар эң кымбат асыл таш катары баалашкан. Чаяндын асыл ташы топаз.
Янтарь адамды көз-назардан сактоочу күчкө ээ. Арстан менен Жаачыга сунушталат.
Коррал тагынган адамга чагылган тийбейт, жылаан чакпайт, жин-шайтандар жолобойт деген байыркы көчмөндөрдө ишенимдер сакталып калган. Мына ушул себептен кыргыз кыз-келиндери, байбичелер коррал чачучтуктарды кооздук катары тагынышкан. Тараза, Эгиздерге ылайыктуу.
Сердолик адамды жакыр болуудан сактоочу, ээсине бакубат турмуштун эшигин ача турган таш деп арабдар сердоликти жогору баалашат. Бардык белгилерге жаккан асыл таш.
Нефрит – бөйрөк оорусуна дары нефрит ташын тагынган адам башкаларга караганда мансап тепкичтеринен бат жогорулайт деген ишеним Кытай элинде айтылып калган. Бийкечтерге сунушталган нефрит Таразага жана Жаачыга анчалык жакпайт.
Малахит балдардын тумар ташы. Наристелердин бешигине малахит тагып койсо наристе көз- назар, тумоо-учкактан алыс болот. Малахиттин дагы бир касиети кара далы кыздар тагынса түгөйүн бат табат. Таразага, Текечерге пайдалуу.
Бермет көздүү шакек ээсинин калпыс иштерден алыс болушуна шарт түзөт. Бермет шуру аялзатынын ажарын арттырып, жаштыгын узартат. Бермет жасалгалар өмүрдүн узун болушуна өбөлгө түзөт. Бермет көздүү жасалгалар ээсине жамандык келатканда жоголуп кеткен касиетке ээ. Суукуйду, Балыктар жана Тараза, Эгиздерге тумар катары жардам берет.
Бирюза бакыттын жана ийгиликтин ташы. Ак ниет адам тагынса иши илгерилейт, калпычы адам тагынса өңү өчөт, сынып калат же жоголуп кетет. Жаачынын тумар ташы деп эсептелет. Чаянга энергетикасы туура келбейт.
Опал асыл ташын тагынгандан абайлаш керек. Анткени таштын касиети адамды реалдуу жашоодон алыстатып, кыялдар дүйнөсүнө алып кирет. Жылдыз белгилеринин ичинен бир гана Таразага сунушталган Опал башкаларга оң жолдон адаштырышы мүмкүн.
Аметист адамды уулануудан сактоочу, арак азгырыгынан алыстаткан асыл таш. Жаачы, Тараза, Текечерге коргоочу тумар боло алат.
Эми жылдыз белгилерине кандай асыл таштар сунуншталаары тууралуу айта кетели:
Токту. Сардоникс, аметист
Букачар сердолик, агат, карнеол.
Эгиздер Топаз, берилл, гранат
Бөйөн. Изумруд, бермет.
Арстан яшма, рубин, янтарь
Бийкеч нефрит, изумруд, яшма.
Тараза алмаз, бермет.
Чаян Аметист, топаз
Жаачы бирюза, гранат
Текечер оникс, гагат, гранат.
Суукуйду сапфир, гранат, бермет
Балыктаркоррал, хризолит.