Кандай түстү жактырасыз?

Адам кандай түстү жактырса, ошого жараша анын мүнөзү аныкталат. Бул дагы адамзаттын аң-сезиминдеги табышмактын бири деп билсек болот. Эмесе кайсы түстү жактырганыбызды чогуу окуйлу.

Ак. Бардык түстөр акыры келип ак түскө айланат. Ак  түстү сүйгөн аялзаты тетир жолдон алыс болуп, кимге болбосун ар дайым жакшылык жасайт. Бардык тарабынан шайма-шай болмоюнча ак түстү сүйгөн аялзаты үй бүлөдө өзүн бактылуу сезбейт. Ак түстү сүйгөндөр бакубат жашоого умтулушат. Көңүлү чөккөн, ичи тар,  кара ниеттер ак түстү жактырышпайт.

Мала кызыл.  Сүйүүнүн жана жаштыктын түсү. Таң атканча бийлеп, эртең менен эч нерсе болбогондой жумушка кетип алган энергиялуу айымдар ушул түскө жакын келишет. Бул түстү сүйгөндөр шайыр, көңүлүндө кири жок, өздөрүн таза, тыкан кармашат.

Сары. Турмушка ынтызар, элдин баары менен тил табышкан, жагдайга тез көнгөн, өжөр, жан дүйнөсү бай, спорту сүйгөн  адамдар сарыны жакшы көрүшөт.  Токтоо, басмырт мүнөз адамдарга сары түс жакпайт.

Көгүлтүр. Кыялдын жана романтиканын түсү. Бул түстү жактырган айымдар  күйөөсү менен бактылуу жашайт. Балдары үчүн күйүп-жанган, үй бүлөсүно камкор аял. Динге ишенип, салты карманып, ички сырларын эч кимге айтпайт.

Кызгылт-сары. Турмушка болгон сүйүүсү күчтүү адамдардын түсү.  Көпчүлүктүн арасында болууну каалаган, кадыр-барктуу, мүнөзү жумшак, чыр-чатактан качкан, уруш-талашты жактырбаган, сөзү менен баарын жайгара билген, максатына оңой жеткен адамдарга ылайыктуу түс. Мындай түстү жактырган аялдардын күйөөсү айткан сөзүнөн чыкпай аялын сыйлайт.

Кызыл — сүйүүнүн, максаттын жана жеңиштин түсү. Бул түстү сүйгөн аялзатынын эрки күчтүү тайманбас, бетке айта билген, максатына жеткен аялдар. Тапкыч, уюштургуч, жигердүү, күчтүү бирок, бирөөнүн тилине оңой кирген кемчилиги бар.

Көк. Бул түстү сүйгөндөр тазалыкты туу тукан, тыкан немелер. Бирок коркок, өзүнө көп ишене бербейт, алардын жүрөгү дайыма аянычтуу сезимдерге толуп турат. Чынчыл жагы бар, саркеч кийингенди каалашат. Музыканы мыкты түшүнүп, адабиятка шыктуу болушат.

Жашыл жандуу жаратылыш, табияттын түсү. Көпчүлүктүн арасында жүргөндө өздөрүнө энергия алышат. Ойдогудай жакшы жар боло алышат, заманбап кийимди, чач жасалгаларын жактырышат. Баарын талдап билген, кыраакы, сезимтал, өтө баамчыл, алтынчы туюму өнүккөн аялдар.

Боз. Катаал жана муздак, ишенимдүү, эсеп-кысапты жакшы билген аялдар. Нагыз мансапкорлор, бийликке жетүүгө жана байлык топтоого  шыгы бар адамдар боз түскө жакын болушат. Өздөрүнүн баа баркын билишет. Турмуштун татаал учурларын, душмандарын дагы билдирбей жеңип кетишет. Боз түстү сүйгөндөр менен атаандашкандар утулуу ызасына дуушар болушат.

Күрөң. Өздөрүнө ишенген, жумшак, сыпайы мүнөздөрү менен улууларга жана жогорку кызматтагыларды урматтап-сыйлаган адамдар. Туруктуу, көшөрмө мүнөзгө ээ аялдар дагы күрөң өңдү жакшы көрөт. Булардын бир жаман адаты бар, алар акыл үйрөтүп, бирөөнү башкарам деп жаман көрүнүшөт.

Сыя түстү жактыргандар оргиналдуу адамдар. Алардын мээси катуу иштейт. Философия, адабият, дин чөйрөсүнө жакын болушат. Сыя өңдү жактырган аялдардын көпчүлүгү бирөөлөрдү дарылап, эмдеп-домдоп жардам бергенге ыктуу келишет. Сырларды жакшы сактайт, буларды дос кылгандар өкүнбөйт.

Кара. Түндүн, сырдуу күчтөрдүн түсү. Өтө кумарлуу аялдар кара түскө жакын болушат. Каалоолордун өртү анын көкүрөгүн өрттөп турат. Ал ички сырын эч кимге бөлүшкөндү каалабайт. Карасанатай, кардуу, ичи тар келишет. Кара түс жарашкан жана аны жактырган аялдын тагдыр жолу да татаал болоорун байкашкан.