Кийиттин кимге кереги бар?

Коомубузда  жөргөмүштүн желесиндей жайылып бараткан  көптөгөн терс  көрүнүштөр бар.Интернет өнүгүп, заман жаңырып  өзгөрүлүп жатканда биз ошо багыт жакка кетишибиз керек,кереги жок майда-барат ырым-жырымдарды токтотуп өзүбүзгө керектүү жана пайдалуу нерселерди  иргеп  пайдалансак болмок.

Биринчи жакшылыктан баштайын. Чындыкты бетке айтышыбыз керек. Азыр кайсы үйгө барбагын колдон колго өткөн кийиттер сандыкта сакталып жүрөт. Той болобу же жамандык болобу, керекпи, керек эмеспи ошол колдон-колго өткөн кийиттерди алып жөнөйбүз. Пайдасы канча?Ал алып барган кийитиң айланып жүрүп акыры кайра өзүңө келген учурларды да баштан өткөргөнбүз. Сөзүм кургак болбош үчүнбир мисал келтирип кетейин. Биздин бир туугандарыбыз жетимиш жылдык торколуу тоюн жана жашагандарына 50жылдык алтын тоюн өткөрдү.Тойго тууган-туушкандары, алыстан ат арытып келген куда-сөөктөрү, жана башка көптөгөн коноктор  келди. Той ээлерин куттукташып  саны бар,сапаты жок оюм чапан менен калпак, жоолуктарды беришип кийгизип да жатышты.Той ээлеринин кийиттин көптүгүнөн баштары адашып эле калды. Мында кандай пайда болду? Кыскасыалар бул кийиттердин баарын кийишпейт деле да андан көрө кийиттин ордуна бул подаркаң деп беш жүз сом берип койсо той бергендердин бир чыгымы жабылып калат беле деген ойго кетесиң.

Ал эми жамандыкта болсо сөөк коюудагы ыксыз ырым-жырымдарыбыз  көнүлдү ирээнжитет. Ал жакка да жогорудагыдай килем, чапан,көйнөк, жоолуктарыбызды көтөрүп жөнөйбүз. Терең ойлонуп көрсөңөр тиги дүйнөгө узаган маркумдарыбыз  алып барган кийиттерди кийишпейт деле да туурабы? Муну ким ойлоп тапты экен,килемди эмнеге алып барабыз?Үй ээси жакынынан ажыраганы аз келгенсип анан дагы бодо мал союп,  дасторкон жайып, ар жума сайын мал союп куран окутуп чыгым болушат. Мусулманчылыкта деле сөөк чыккан үйгө үч күнгө чейин тамак ичилбеши керек экен го. Мындан үч-төрт жыл мурун жакын кудачамды айыкпас дарт деп доктурлар үйүнө чыгарып койду. Ошол кудачама тиги дүйнөгө узаганга чейин бир молдоке келип дем салып жүрдү. Мекке Мединадан билим алган шарыятты жакшы билген сабаттуу, билимдүүжаш молдоке экен. Кудачам каза болгондон кийин бир туугандары ошол молдокенин айтканындай кылып сөөгүн коюшту. Кудачамдысапарга узатаарда жакындары гана жанында болду. Качан мүрзөгө барып сөөгүн жашырып келгенден кийин гана жакын туугандарына кабар беришип, коңшу-колоңдоруна үч күндөн кийин мал союшуп  куран окутканга чакырышты. Баягы кийит-кечек,  килем алып барат элек деп эч ким башын ооруткан жок.  Жакын туугандары келишип  колдорунан келген кошумчасын беришип, куран окутушуп кетишти.Мында аза күткөн үй ээсине канча жеңилдик болду. Анан дагы маркумду эскерип аш берип куран окутабыз. Бул туура деңизчи. Себеби, арбакка куран окутуп эскерип турган мусулманчылыкта ыйык парзыбыз. Бирок… дагы эле ашыкча чыгымды башыбызга үйүп алабыз. Мисалы аш бергенде “ээк бүтөмөй” деген ырымыбыз бар. Бир сыйра кийит-кечектен башка дагы алтын сөйкө, алтын шакек салып ээгин бүтөмөй. Мейлимаркумга акыркы зыйнатын кылып мал союп куран окутушсун бирок “ээк бутөмөй” ырым-жырымы жок эле болсо эки жак тең чабылып-чарпылбайт эле, дегеним “ээк бүтөмөй” деген  шарыятта деле жок болуш керек. Акырында айтайын дегеним ар бир адам тойду кандай кылып берет, жамандыкта канча мал соёт өзүнүн эрки деңизчи. Муну эч ким тыя албайт.  Ошентсе да ар кимибизтерең акыл калчап ашыкча чыгым болбой куру намысты коюппайдасы жок  ыксыз ырым-жырымдарды токтотуп пайдалуу жагын ойлонсок.

Акинай ТИЛЕКМАТОВА