Китепканачылар мыкты окурмандарга ак калпак кийгизишти

Көк-Ой айылындагы балдар китепканасында  3-март Мамлекеттик туу күнүнө жана 5-март Ак калпак  жана улуттук кийим күнүнө карата окуучулар менен биргеликте иш-чара  болуп өттү. Бул иш чараны райондук балдар китепканасынын директору Зууракүл Айталиева ачты.

 

“Ак калпак жана ак эмгек кыргыздын көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү”аттуу темада Т.Кушчубаева атындагы Көк- ой орто мектебинин 6-А классынын окуучулары менен биргеликте өткөрүлгөн иш чаранын башталышында балдар китепканасынын китепканачысы Зарина Турдалиева калпактын жасоо ыкмасы,кыргыз калпагынын символикасы,калпак жөнүндөгү уламыштар жана калпак жөнүндө окуучуларга  ошондой эле иш чаранынын катышуучуларына маалымат берип өттү.

Окуучулар иш чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин желеги өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн айгинелеп турарын,ал эми кыргыздын ак калпагы ар бир мырзага жарашып,кыргыздын уулу экенин тастыктаарын айтып беришти.

Андан соң окуучу кыздар жигиттердин  башына ак калпак кийишип, “Манас” эпосунан үзүндү айтышып, “Ак калпак кийген Ата-журт”деген ырын көркөм окушуп,патриоттук сезимди ойготкон “Ата-Мекен”, “Кыргыз Жери”, “Аталар кийген Ак калпак”аттуу чыгармалар менен иш чараны шаңга бөлөп, кымча бел кыздар “Кара Жорго”, “Жалын бий” бийлерин бийлеп, майрамдык маанайдын көркүн ачышты.

Кеченин соңунда Талас райондук китепканасынын директору З. Айталиева сөз сүйлөп,китепкананын мыкты окурмандары Алтымышев Актан жана Козубеков Русланга кыргыздын эң улук баш кийими ак калпакты баштарына кийгизип,ар дайым кыргыздын ак калпагын аздектеп ыйык буюм катары карап урматтого үндөп,жаштарды туура тарбиялоо бүгүнкү иш чаранын негизги максаты экенин баса белгиледи.

 

Медина МУРАТАЛИЕВА