Кызыл Ай коомунан жардам

15-март күнү Кызыл Ай коому тарабынан Талас районундагы аз камсыз, көп балалуу, жалгыз бой жарандарга  жардам берилди. Район боюнча 23 кишинин ар бирине 3215 сомдук азык-түлүктөр таркатылып берилди.Ошондой эле Кара-Суу айлындагы  жалгыз бой эне Токтош Үмөтбаевага  коляска тапшырылды.