Көчөттөрдү туура отургузабыз…

           Айлана-чөйрөлөр  жашылданып,  көрктөнүп, бак-дарактар гүлдөп, ал менен бирге айкалышып мукам үндүү чымчыктар сайрап,  эң  бир  керемет  мезгилдин  бири  бул — жаз. Муну менен катар адамдар кышкыга даярдык көрүшүп жашылча-жемиш тигишет. Ар кандай мөмөлөрдүн  көчөттөрүн отургуза  башташат. Дарактарды кандай кыйыштыруу жана көчөт отургузуунун туура жолдорун сунуштайбыз.                            

Көчөттөрдү туура тандоо

Дарактарды отургузууда мөмөсү көп колдонулуучу алма, өрүк, кара өрүк, алмурут, жаңгак, шабдалы, алча, жүзүм сыяктуу мөмө-жемиш дарактарын тандоо керек. Мында алма менен алмурутту тандоодо жайкы, күзгү жана кышкы сортуна көңүл буруңуз. Бул жыл бою витамин менен камсыз болуп туруу үчүн жана базардан мөмө-жемиш алып акча коротпоону дагы эске алыныз. Мисалы, жайкы алма май-июнь айларында бышып калат да, күзгө чейин жесе болот.

Ал эми күзгү алмалар жаңы жылга чейин жегенге жетсе, кеч күздө терилген кышкы алмалар кийинки жайга чейин сакталат. Эрте бышкан сортторду үйгө жакын, андан кийин быша тургандарды короонун төр жагына отургузуу туура. Алча менен шабдалыны коңшунун жер тилкеси менен чектешкен бөлүккө тигип койсо болот. Ал эми, жүзүмдү эшиктин алдына тирөөчтөрдү чатырча  түрүндө жасап, ошол жерге өстүрсө ыңгайлуу.

                     Көчөттү отургузуунун эрежеси 

Ар бир көчөттү алып жатканда кыйыштырган жери болуш керек. Ошол жагына көбүрөөк көңүл буру кажет.Тамыры жакшы болушу зарыл. Биринчи жолу тиккенде кык, ар кандай жер семиртичтерди колдонуунун кажети деле жок.

                             Кыйыштыруунун жолдору

Урук аркылуу эле жапайы алманын сортун алып келип эле кыйыштырат. Эң башкысы уруктан болот. Ошол эле алманын уругун жерге сээп ал өсүп чыккандан кийин башка сорттогу алманы алып келип кыйыштырып коет. Экөөнү кыйыштыргандан кийин андан ары өзү эле өсө берет.  Ал эми, башка мөмө жемишти мисалга алсак, алма менен алмурутту кыйыштырса болбойт.

Мөмө-жемиш жакшы түшүмүн бериш үчүн  багуу эрежелери

–Алгач отургузганда биринчиден эле суусун убагы менен куюп, улам бутактарынан кесип туруш керек. Анысы болбосо, мөмө жемишин бербей калат. Жаш көчөттөр эки, үч жылдан кийин эле түшүмүн бере баштайт. Чөп өстүрбөй, улам түбүн жумшартып туруу керек. Экинчи жылы анан эски кыктардан кошсо болот. Көбүнчө жазында көбүрөөк суу куюп туруу кажет. Көчөт  жерди  тандабайт . Эң башкысы көчөттү күн  чыгыш  тарапты карап отургузуш керек.

           Көчөттөрдү курттан сактоо жолу

–Атайын көчөттөргө колдонула турган дары бар ошону жаз айында  чачып туруу керек. Андан сырткары, бир айда түбүн үч жолу актасаңыз түшүмүн сапаттуу берет.  Мындан сырткары  дарак таза өсүп курттан алыс болот. Ал эми жаш көчөттөр курттабайт.

Медина МУРАТАЛИЕВА