Мектептеги ишембилик

Жаздын келиши менен айылдарда ишембиликтер күч алды. Бул жолу Кум-Арык айлындагы  Кубанычбек Нурбеков атындагы орто мектепте болуп, окумуштуу, педагог К.Нурбековдун 90 жылдык мааракесин утурлап мектеп жамааты  айкелинин тегерегине гүлбакча түптөп жатканына күбө болдук.

— Мектептин аянты чоң. Ушул тапта  гүл бакчаны гүлдөтүп,  айкелдин тегерегине   брусчатка төшөп, тегерек-четин кармап , “Нурбеков атындагы гүлбакча” деп, жаздырып, бир четине Бердике баатырдын тукумдары  жөнүндө маалымат, бир жак четине   Нурбеков жөнүндө маалымат бакча кылып жасатсак деген пландарыбыз бар. Айкелге жанындагы  мини футбол  спорт аянтчасын балдар үчүн айыл өкмөтү атайын долбоордун алкагында куруп берген. Ал эми мектептин алдындагы  кенен аянтты чоң спорт аянты кылып,  ирээтке келтирип тегерек-четин курчайлы деп жатабыз. Буга  каралган акча каражаты бар, деп мектеп директору Үсөн Маанайев маалымат берди.

14-апрель  жалпы элдик ишембилик күнү аталган мектептин мугалимдер жамааты жана окуучулары  мектептин айлана тегерегин тазалап, гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузушту.    Келечектеги гүлбакчаны аралап, жаңы олтургузулган 40 түп роза көчөтүн, мындан тышкары  сирия роза көчөттөрүн, 20 түп питуня, астра, бархат жана башка көптөгөн гүлдөрдүн көчөттөрүн көрдүк. Бүтүрүүчү класстарга гүл аянттары бөлүнүп берилген. Мектептеги салтка айланган саамалык ар бир бүтүрүүчү класс гүлдөрдү багып, карап мектепти бүтүп жатканда эстафета катары кийинки  бүтүрүүчүлөргө тапшырып беришет.