Милициянын формасын кийгендер тоноп кетишти

2018-жылдын 28-февраль түнү саат 02:30 чамасында.Жалал-Абад облусунун,Жалал-Абад шаарынын тургундары,14.04.1990-ж.т Якубжанов Оятиллох Якубжанович менен 29.07.1989-ж.т Салиев Шамшидин Исмаилджановичтер “хундай портер”үлгүсүндөгү эки автоунаа менен Жалал-Абад облусуна,Тараз-Талас-Суусамыр автожолу менен кетип бара жатышып,Талас районунун Жон-Арык айылынын тушуна жеткен кезде,белгисиз азият улутундагы жаштары 20-25 курактагы төрт-беш балдар “тайота авентис”үлгүсүндөгү автоунаа менен токтотушуп,ичинен милиция кыызматкердин формасын кийинген бала “жезл”менен токтотуп,алардын документтерин көрсөтүүнү талап кылып,айдоочулар;О.Якубжановго жана Ш.Салиевге физикалык күч колдоном деп коркутуп,алардын айдоочулук күбөлүктөрүн жана жарандык паспортторун ачык түрдө ээлеп алып, автоунаасына олтурушуп белгисиз тарапка кетип калышкан.

Талас РИИБнүн башчысы милициянын подполковниги

Б.М.Өмүралиев.