Ноорузга улуттук тамак олобо жасайбыз

Гүлнур айым Ноорузда жыл сайын майрамдык  дасторконго  улуттук тамак олобо жасап,  балдардын жакшы көргөн шоколад тортун даярдайт.

Олобону кантип жасайсыз?

  • Ноорузду жыл сайын жамаатыбыз менен тособуз. Кой союлганда олобо жасайбыз. Олобону жасаш үчүн жандыктын өпкөсүнө бычак тийгизбей таза сактап союу керек. Өпкөнү жүрөгү менен чыгаргандан кийин, үйлөп, бүтүндүгүн текшерип, анан муздак сууга сала турабыз. Өпкөгө батышынча жылуу суу куюп, агарганча өпкөнү кустурабыз. Суу менен ичин тазалаган соң май салынып, тузун өткүлүрөөк салып, жылуу сүттү куя баштайбыз. Сүттү өпкөгө батышынча куябыз. Жана суу куюп өпкөгө канча сүт куюлаарын билип алганбыз да. Мисалы өпкөнүн көлөмүнө жараша 8 литрден 12 литрге чейин сүт керектелет. Сары майды болсо сүткө жараша 8 литр сүткө 400-500 граммдай, 12 литрге 1 кг. чейин сары май кошобуз. Сары майсыз супсак болуп калат. Өпкөгө сүт толук куюлганда  бир да жеринде темгили калбай агарып калат. Толгон өпкөнүнүн кекиртегине ылайыктап ичке эт кесип сойлотуп, төрт-беш жеринен  ичке жип менен кырча бууп коебуз.  Кенен казанга  суу куюп, же шорпого деле  өпкөнү абайлап салып, 45-60 минутка чейин жай отко кайнатабыз. От катуу болбошу керек. Бышкан соң бир аз суутуп, кол күйбөгүдөй болгондо 87кыя-кыя кесип тарелкаларга салып дасторконго коебуз. Олобо сиңимдүү тамак, күчтүү тамак жебей, диета кармагандарга олобо жагымдуу болот.

Колго торт жасайт экенсиз?

  • Бала-бакыра таттуу жегиси келсе базардан торт албай колго эле даярдап коебуз. 4 жумуртканын сарысын 1 стакан шекерге кошуп эзип, 200 грамм жуурулган сары май менен аралаштырып, 2 стакан ун кошуп камыр жууруйбуз. Калыңдыгы 1 см. Кылып жайып дагы 3 жупка бышырып алабыз. Анан 4 жумуртканын агын жарым стакан шекер менен коюу көбүк чыкканча чалып, 1 стакан майдаланган жаңгак жана 1 лимон цедрасы менен аралаштырабыз. Кошулманы экиге бөлүп аны эки жупканын бетине сүйкөп, беттештирип коебуз. Үстүңкү жупканын бетине 3 жупканы коюп, шоколады эритип крем катары сүйкөп, духовкага бышырабыз. Торттун үстүн кулпунай, банан, таттуу алма менен кооздоп койсок да болот.

Заказ кылгысы келгендер 0700408-508 телефонуна чалышса болот.