“Семетейчи Сейдене” аншлаг менен өттү

Талас областтык Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында,драматург-жазуучулар Бактыгүл Сейитбекованын жана Жыпара Исабаеванын чыгармасынын негизинде коюлган “Семетейчи Сейдене” спектакли болду.

Спектакль аншлаг менен өттү десек жаңылышпайбыз, себеби зал толго көрөрмандар келишти. Башкы каармандын ролун аткарган театрдын белгилүү актрисасы Алмагүл Алсейитова Сейдененин ролун ийине жеткире аткарды.Белгилей кетсек, Алмагүл Алсейитова аялдардын образын эң мыкты жараткандыгы үчүн республикалык театрлар кароо-сынагында сыйлыкка татыктуу болгон.

Спектаклдин соңунда Талас районунун акими Бакыт Нуржанов театр жааматына ыраазычылык билдирип,жакшы каалоо тилектерин айтты.

М. МУРАТАЛИЕВА