Сүмөлөккө”Алла” деп жазылып калган…

Талды-Булак айылынын тургуну Байгараева Жумабү эже жыл сайын Ноорузда сүмөлөк даярдайт.

  • Сүмөлөктү тээ союз учурунда эле Ошто жүргөнүмдө өзбек апалардан көрүп үйрөнгөм. Ал кезде кыргыздар Нооруз майрамын тосчу эмес. Эгемендүүлүк алгандан бери ата-бабаларыбыздан унутулуп калган каада-салттарыбыз жанданып, Нооруз майрамы жылдан-жылга жогорку деңгээлде белгиленип келе жатканы мени кубандырат. Буга чейин сүмөлөк жасоодо апалар менен жардамдашып жасап жүргөн болсом кийин сүмөлөктү  өз алдымча ушул Талды-Булакка келгенден баштап  жасай баштадым.

Сүмөлөк үчүн жарым ай мурун буудайды өндүрүп алыш керек  Сүмөлөктү казандынкөлөмүнө жараша жасайбыз. Мисалы  былтыркы Ноорузда 5 кг буудай өндүрдүк. Ага тууралап отуз килограмм ун алдык.Буудайды жарым карышболуп өнгөндө, аны  эт туурагычтан өткөрүп суусун улам куюп турабыз. Биринчи казанга майды куябыз, майдын үстүнө унду салабыз да  суусун куябыз.  Сүмөлөк жасоодо анын тилеги жакшы дешет андыктан  жети даамды — набат,өрүк, мейиз жана башкаларды  салып жатканда Алла тааладан тилек  тилеп,  ар бир аралаштырган сайын да жакшы каалоо-тилектерди ичибизден тиленип  аралаштырып турабыз. Казандын түбүнө  тартып кетпеш үчүн кырк ташты таза жууп салабыз. Анан сүмөлөктү он эки саат кайнатып күрөңөңгөкелгенде эртең мененки саат 8-9га чейин демдеп коёбуз. Эртең менен сүмөлөктү ачканда Алла тааламдын касиети менен сөздөр жазылып калганына күбө болдук. Былтыркы сүмөлөгүбүздүн бетинен боз уй сыяктуу томпок-томпок болуп сүрөт тартылып “Алла” деген касиеттүү сөз жазылган.

Дагы сүмөлөктүн ырымы жөнүндө  айта кетсек бир жасалган үйдө үчжыл же жети жыл катар жасалышы керек экен. Биз бул саамалыкты аялдар комитетинин үйүнөн баштаганбыз. Муну салтка айлантып ар жылы ар башка жамаат жасашат. Жылда клубдун астына улуттук тамактар менен кошо сөзсуз сүмөлөк коюлат. Быйыл былтыркыдан көбүрөөк кылып он эки килограмм буудай өндүрүп жатабыз. Биринчи жолу чыпалак менен кичине болсо да Алла тааладан  ниет кылып каалоо тилек сурап ооз тийип анан кашык менен жей берсе болот. Ноорузда келип сүмөлөк ооз тийип кеткиле деп бардыгыңыздарды чакырат элем.

Акинай ТИЛЕКМАТОВА