Табышмактуу Чаян айым

 

Мүнөзү.  Чаян айымдар экиге бөлүнөт. Биринчиси эркек мүнөз, экинчиси созулган табышмактуу. Биринчи түрү  кыз болуп туулуп калганына өкүнөт. Алар эркектен кем калышпаган күчтүү, эрктүү, кайраттуу аялдар. Айтканынан кайтпаган кежир, өжөр, мээнеткеч. Ыйлап сыктап бирөөгө арыз арманын айтпайт. Иштесе ишке тойбогон, байлыкты сүйгөн, мансапкор. Кырдаалды так аныктай билет. Экинчи түрү коркунучтуу аялзаты, ашкере айлакер жана сезимтал, аларда магиялык сыйкыр бар. Эмне кааласа ошону ишке ашыра алат, кекчил, кызганчаак, максатын ишке ашыргысы келсе эч нерседен кайра тартпайт.

Дегеле чаян айымдар атаандашса алдына киши салбайт, душмандары да аны сыйлап турушат. Алардын жеке өздөрүнө тиешелүү мыйзамдары бар, алар ошол принципти туу тутунушат.

Үй бүлө, сүйүү. Чаян айым жалгыз калам деп коркпойт. Ал өзүнө керектүү адамды дароо билет да анын көз карашы менен сыйкырлап салат. Анын торуна илинген адам оңой менен бошоно албайт. Чыны бошонгусу да келбейт. Анткени чаян айымда  жигит издеген касиеттин баары бар: берилгендик, бекем сүйүү, жигитин барктап кадырлоо жана үй бүлөгө тирек болуу. Чаян айым үй бүлөсү, бала бакырасы, сүйгөн жары, бир туугандары үчүн тоону томкорууга даяр. Ага жакын санаалаш дос болгондор сыймыктанышат, анын душмандары коркуп, сак болгондору оң. Себеби чаян ушундай бир капилеттен чагат дейсиң, анын уусу  оңой менен тарабайт. Чыныгы чаян ар ким менен чарылдап уруша бербейт. Ал сөз менен эмес, иш менен өзүн далилдей алат.

Карьера. Эгерде жубайы жетишээрлик акча тапса да Чаян өзүнүн энергиясын сарпташ үчүн иштеши керек. Анткени Чаяндарда чоң энергия бар. Аны иштеп чыгарып турбаса ооруп калышат. Чаяндар абдан жөндөмдүү, аракетчил болушкандыктан жумуш жаатында жакшы ийгиликтерге жетишет. Дарыгер, тез жардам фельдшери, психолог, окутуучу, нассатчы, илимпоз, журналист, циркач, аккробат, актерлук иштер алардын тынчы жок жан дүйнөсүнө туура келет.

Атактуу чаян айымдар:

                                                           Клеопатра

 

                                                      Мария Кюрри

                                               Хиллари Клинтон 26-октябрь

                                                     Индира Ганди 17-ноябрь

                                                  Майрам Акаева 7-ноябрь

                                         атактуу скрипач Ванесса Мэй 27-октябрь

                                            актриса Жулия Робертс 28-октябрь

                                                       Деми Мур 11-ноябрь

                                                   Айшвария Рай 1-ноябрь

                                              Дильназ Ахмедова 20-октябрь,

                                                 Гүлнур Сатылганова 1-ноябрь