Тамак – аштан уулануу

Тамак – аштан  уулануу – сапатсыз  же  бузулган  тамак – ашты  жегенден  пайда  болгон катуу  кармаган  ооруу.

Уулануу  себептери

Тамак – аш (көбүнчө  эт, балык, шорпо, колбаса, консерва) кээ  бир  микробдор (сальмонелла, стафилокок, ботулизм  таякчалары)

                                                            микробдор

жана  анын  уулары менен булганып, бузулушу  мүмкүн. Аны  химиялык  заттардан (коргошун, сымап, жез, цинк  жана  башкалар) же  уулуу  азыктардан (уу  козу  карындар , кээ  бир  балыктар,  уулуу  жаңгак  жана  башкалар)

 уулуу козу карын

 

                                                            Уулуу балык

уулануу  менен  алмаштырууга  болбойт. Тамак  аштан  уулануунун  70%дан  ашыгы  оору  чакыруучу  козгогучтар  менен  булганган  тамак – ашты (эт, балык, сорпо, сүт азыктардан  даярдалган  тамактарды  жана  башкалар), ошондой  эле  өрдөк, каздын  жумурткалары кошулуп  даярдалган  тамак – азыктарын  жегенден  кийин  пайда  болот. Бул  тамак  азыктарда  оору  козгогучтар  өсүп  көбөйүшүнө  шарттар  болгондуктан  алар  өтө  тез  көбөйөт. Анткени  бул  тамак —  азыктары  углевод  жана  белок  заттарына  өтө  бай  болуп, микробдордун  өсүп  жетилүүсүнө  ыңгайлуу. Мындан  сырткары  тамакты  даярдоо  жана  сактоо  эрежелерин  бузуудан  да  уулануу  пайда  болот. Тамак – азыктарын  жылуу  бөлмөлөрдө  сактоо  козгогучтардын  массалык  түрдө  өсүп  көбөйүшүнө  себеп  болот. Айрым  учурларда  жаңы  даярдалган  тамак –ашты  жылуу  бөлмөдө  бир нече  саат  сактагандан кийин  жесе оору  чакырат. Айрыкча  майда  тууралган  эттен (фарштан) даярдалган  азыктар, паштеттер, килкилдектер, малдын  канынан  жасалган колбаса  жана  ушу  сыктуу  азыктар   өтө  коркунучтуу. Себеби, бул  тамак- азыктарда  микробдор  өтө  тез  ылдамдыкта  өрчуйт. Тез  бузулуучу  азыктарды  муздаткычта  же  муздак  жерде ( кышында  от  жагылбаган  бөлмөлөрдө) кыска  мөөнөткө  сактоо керек. Кайнатылып  бышырылган  же  куурулган  тамак –ашта  оору  козгогучтар  бат  эле  өлөт, чала  куурулган же  бышырылган  азыктардын  катмарына  ысык  жакшы  өтпөй калып,микробдор  өлбөй сакталып  калышы  мүмкүн. Ошондуктан  тамак –ашты жакшылап  узакка  чейин  бышыруу  талапка   ылайык.

Оорунун  белгилери

Оору  көпчүлүк учурда  булганган  тамакты жегенден  4-8-12 сааттан  кийин  башталат. Оорулунун  жүрөгү  айланып, кусуп, ичи  өтүп  ооруйт. Температурасы  (кээде 38-39С  чейин ) көтөрүлөт. Кээде  оору  катуу  жана  оор  өтүшү  мүмкүн. Оорунун  белгилери  билингенде  эле  врачка  кайрылуу  зарыл  жана  өзүн  өзү  врачтын  көрсөтмөсү  жок  дарылоого  тыюу  салынат .

Бүгүнкү  күндө  Талас  облусунун  аймагында  5 тамак-аш  уулануусу  катталып, 7 адам  жабыркаган. Баардык  жабырлануучулар  өз  убагында  медициналык  жардамга  кайрылып, тийиштүү  дарылануу  алышкан. Ооруларды  алдын  алуу  жана  мамлекеттик  санитардык  эпидемиологиялык  көзөмөлдөө  борборлору  тарабынан  тамак- аш  уулануусун  изилдөө  жыйынтыгын  негизинде  5 жоопту  адамга  КР  административдик  жоопкерчилик  жөнүндөгү  кодекстин  негизинде  7000  миң  сом  айып  салынган.

Ар  бир  адамдын  ден-соолугунун  сак  болушу  өз  колунда!

 

    Медина   Мураталиева