Улуу Ата-Мекендик согуштун 73 жылдыгына арналган салтанат

2018-жылдын  8-майда  Өмүралиев  айыл  өкмөтүнүн Чат-Базар  айылында  Улуу  Ата-Мекендик  согуштагы  жеңиштин  73 жылдыгын  белгилөө  салтанаты  болуп  өттү. Бул  салтанат   Советтер  союзунун  баатырлары  А.Оторбаевдин  эстелигинде  өтүп, таң  эртеден  баштап келген  коноктордун  жана айыл тургундарынын  көңүлүн  майрамдык  маанайга  бөлөп, жеңиш  лозунгдар, чакырыктар  жана  музыкалар  жаңырып  турду.

Бул  күнү Улуу  Ата-Мекендик  согушта  курман  болгондордун  жаркын  элестерин  эскеришип ,аза  күтүү  минутасы  жарыяланган соң, согуштун  жана  эмгектин  ардагерлери  Талас  райондук  мамлекеттик  администрациянын  жетекчилери, аскер  комиссариат  өкүлдөрү  жана  мекеме  уюмдардын  кызматкерлери  Асанбек  Оторбаевдин  эстелигине  гүл  дестелерин  коюшту. Жана  ошондой  эле Талас  облусундагы  ыйгарымдуу өкүлүнүн  орун  басары  А.Жаркыналиева  согуш  ардагерлерине  ыраазычылыгын  билдирип  өз калоо тилектерин айтып кетти.

Салтанаттын  биринчи  бөлүгү  бүткөндөн  кийин , Талас  райондук  мамлекеттик  администрациянын  жетекчилери , мекеме-уюмдардын  кызматкерлери  менен  биргеликте   согуш  жана  эмгек  ардагерлерин  “Каныкей” ресторанына  чакырышып  сый  тамагын  тартуулашты. Ошондой  эле  “Алтын  Альянс”   атынан  Улуу  Ата Мекендик  согуштун  6 ардагерине  жана  1 Венгер  согушунун ардагерине  5000 сомдон  акчалай  белек  берилди.