Ыйгарым укуктуу өкүл журналисттер менен жолугушту

Талас облустук администрациянын фойэсинде басма сөз кызматкерлери үчүн КР Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Марат Мураталиев пресс-конференция өткөрүп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн  орун басарлары,акимдер, шаардын мэри жана ошондой эле облусттук мекемелердин айрым жетекчилери катышты.

Пресс-конференцияны  пресс-катчысы Бакай Садыров ачып, мындай пресс-конференция биринчи жолу болуп жаткандыгын баса белгиледи. Үч айдан ашык убактан бери аткарган иштери жөнүндө Марат Мураталиев кеңири баяндама жасады. Облусттун келечеги жөнүндө да айтып берди. Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ойлорун ортого салды. Айыл чарбасы багытындагы аткарыла турган иштерге да кеңири токтолуп өттү. Жашылдандыруу жана жашылча –жемиш өстүрүп алууга тең орток болгон алма көчөттөрүн өстүрүүнүн жана аянттын кеңейтүүнүн кирешелүү ошондой эле пайдалуулугун мисалдап  түшүндүрмө берди. Эң башкысы экономиканы, социалдык багыттагы иштерди аткарууда эң чоң салымы бар салык маселеси жаңы жылдан бери эки айда жакшы чогултулганына ыраазычылыгын билдирди. Айыл чарбасын көтөрүүдө кайра иштетүүчү ишканаларды, картошка, кант цехтерин куруу боюнча аткарылган жана алдыда аткарыла турган иштерге кеңири токтолду.  Манас, Кара-Буура райондорунда болсо, бирде Бакай-Ата, Талас райондорунда болуп жазгы талаа жумуштарына алдын ала даярдыктарды жеринен кыдырып көрүп, көлмөлөрдүн, каналдардын тазаланышын көзөмөлдөп, чечилүүчү маселелерди кечиктирбестен чечип берип жатканын теледен байма-бай көрүп турабыз.

Журналисттер учурдан пайдаланып, көйгөйлүү маселелер боюнча суроолорду тынымсыз узатышып,канаттандыраарлык жооп алып турушту.  Олуттуу суроолорду ардагер журналисттер “Талас Турмушу” газетасынын башкы редактору Козубек Иманкулов, “Жаңы Багыт” газетасынын башкы редактору Токтогул Ибрагимов,Талас ТТРсынын башкы директору Эрмек Үмөтов жана  “Манас Ордонун” кабарчылары да узаттык. Ошондой суроолордун бирине Таласска авиакаттам ачылаарына губернатордун оң жооп бергени болду. Эми Талас элине эртең менен Бишкеке учуп барып,түштөн кийин кайра учуп келсе турган убакыт да жакындап калды.

Марат Мураталиев кызматына киришкен биринчи күндөн эле алдына албан-албан пландарды койгон экен. Аны четинен аткарып келе жатканына өзүбүз күбө болуп олтурабыз.Бул кишиге ийгилик жана ден-соолук гана каалап кетмекчибиз.

Пресс-конференциянын жыйынтыгында пресс-катчы Бакай Садыров,ар бир квартал сайын журналисттер менен ушундай чогулуштарды өткөрүлөөрүн билдирди.

Эсенбек  ДОСАЛИЕВ