Өжөр Текечер айым

 

Кулк-мүнөзү:  Текечер айымдардын бир касиети бар, алар жылдан жылга жакшынакай көрүнүшөт, мисалы, 18 жашына караганда 36 жаш куракка келгенде алда канча татынакай сезилет. Жаш, жагымдуу бул айымдын чыныгы жашы канчада экенин билүү кыйын. Өздөрү дагы жашын жашырып ачык айтышпаган адаттары бар. Текечер айымдар максатына умтулган, акыл-эстүү, өжөр болушат. Баарын өз убагында жасаганга үлгүргөн текечер айым жашоодо көп нерсеге жетишет. Ырас, жакшы жашоого жетиш үчүн ал көп кыйынчылыктарды жеңип өтүшү керек. Кыйынчылыктар анын мүнөзүн курчутуп, чыдамкайлыкка тарбиялайт.Текечер айым убактылуу романдарга кызыкпайт. Ал жашоого олуттуу караган чыныгы түгөй издейт. Үй чарбасын жайгарып, балдарын татыктуу тарбиялап өстүргөн мыкты айым. Жаман жагы текечер айтканынан кайтпаган кежир, кээде чаликтенип элдердин кыжырын кайнатып жибермейи да бар. Ал өзүнүн айтканын бербей, туура дей берип көп катачылык кетирет. Анан калса түнт, муздак, башкалар менен оңой менен  тил табыша албайт. Анын айынан маанайы түшүп, депрессияга чөгүп кеткен учурлар да болот. Кайгысына чыдай албай айрымдары спирт ичимдиктери менен көңүл ачкысы келет. Бирок, спирт анын организмине оор тийет.

Текечер айымдар ачык түстөгү кийимдерди кийишпейт, алар кара, кочкул көк, күрөң, боз түстөргө жакын. Кийимдери да заманбап болбойт. Эски, катаал стилди жактырышат. Макияжды да билинээр билинбес кылып колдонушат. Алар орто бойлуу, арыкчырай келишет, алардын  жузү олутуу болот, таптакыр жылмайбаган текечерлер да бар.

Жумуш, мансап: Негизи текечерлер мансапкор. Көпчүлүк текечер айымдар мамлекеттик кызматтарда иштешет. Саясый партияларды көшөрүп иштеп, мансапка жетишкендер да алардын арасында арбын. Керектүү билими же таланты жок болсо да чыдамкайлык менен тынымсыз иштей берип акыры көздөгөнүнө жетет. Архивдик кызмат, банктык операцияларды жүргүзүү, бала бакча тарбиячысы, мугалим, устат болуу текечерге ылайыктуу кесип.  Текечер айымдардын арасынан подиумду багынткан мыкты моделдерди, атактуу киноактрисаларды, ырчыларды арбын кездештиребиз.

Ден соолугу: Жаш кезинде текечерлер көп оорушат. Сөөк оорууларына жана травмага жакын болушат. Жылдан жылга иммунитети чыңдалып, ден соолугу  жакшыра баштайт.

Текечер айымдардын эскичил көз карашы Бийкеч  белгисинин жигиттери менен дал келет.  Сулуулардан шек санап, ачык-айрым айымдарды жактыра бербеген Чаян  катаал Текечерге жакшы түгөй боло алат. Жумшак мүнөздүү Балыктар  муздак Текечер үчүн ыңгайлуу, анткени аны толугу менен баш ийдирип алат. Кежир Букачар менен өжөр Текечер бир агымда агып, турмуш кура алат.

Текечер Тараза, Эгиздер жана Суукуйду менен такыр келише албайт. Айбаттуу  Арстандын падышадай мүнөзү Текечерди чоочутат. Бөйөн менен идеалдуу түгөй болуусу кыйын. Жаачынын ачык-айрым мунөзү түнт Текечерге ылайык келбейт. Оттой жанган  Токтуга ал  үй чарбасын карап үйдө олтурган жубай катары ылайык, бирок бул никеден Текечер көп кайгыга батат. Аялга жакын Токту  өзүмчүл Текечерди кызганычка батырат.

 

Атактуу Текечер айымдар:

                                                  Мишель Обама 17-январь

                                                  Раиса Горбачева 5-январь

                                               Людмила Путина 6-январь

                                                Карла Бруни 23-декабрь

                                                   Кейт Миддлтон 9-январь.

                                             Рената Литвинова 12-январь

                                              Алена Хмельницкая 12-январь.

                                                         Аманда Пит

                                                     Ваннеса Паради

                                                      Ирина Аллегрова

                                                            Шаде

                                                    Каныкей Эралиева

                                                   Айчүрөк Иманалиева.

                                                Анастасия Волочкова

                                                            Кейт Мосс