2018-жыл нумерологияда

Ноорузда  Кызыл короз менен коштошуп, 22-марттан тарта Ит жылына бет алдык. Нумерологдордун айтымында 2018-жылы дин жана ишеним маселеси алдыңкы орунга чыгат. Адамдардын бири бирине болгон ишеничи күчөйт. Саясатчы-консерваторлор бийлигин колдон чыгарбай, креслолоруна бекем олтурушат. Бул жылы бейтааныш адамдарга ишенбей, жагымсыз иштерден жана көңүлгө жакпаган адамдардан алыс болуубуз керек.

2+0+1+8=11. 1+1=2 саны өзгөрүүнүн символу. Бул жылы баш кошкондордун никеси бекем болот. Наристелер көп төрөлөт. 2 саны  бирге түтүн булатуунун, түйүлдүк жаратуунун саны. Ажырашуулар азаят. Адамдар жасалма сулуулукка, шаан-шөкөт көңүл бурбай, ата-баба наркы, улуттук каада-салт, үй бүлө баалуулугун түшүнө башташат. Бул жылы бар жогун таразалабай туруп чечим чыгарганга шашылбаңыздар. Жалгыз иштегенге караганда жамаат менен чогуу-чаран иштегендер утушка ээ болот. Мансапкорлорго же сүткорлорго, акча табуунун эңсегендерге жыл ийгиликтүү эмес. Үй бүлөсүн бекемдеп, ден соолугун чыңдагандарга жыл жемиштүү.

1,10,19,28 санында туулгандар 2018-жылы ушак-айыңдан алыс болуп, токтоолук жана сабырдуулук менен ишинде ийгиликке жетишет. Унчукпаган үйдөй балээден кутулат деген сөздү эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Түгөйүңүзгө көңүл буруңуз бирок, чектен чыгара эркелетип жибербеңиз.

2,11,20,29  числосунда төрөлгөндөр никеге турууга, балалуу болууга шарт түзүлүп, финансы жаатында  жана ишкерликте ийгилик жаратат. Июнь, июль, августта жана жаңы жыл астында чала тааныш адамдардан сак болуңуздар.

3,12,21,30чу  числодо туулгандар жамаат жана жетекчилик менен  акыл-эстүүлүк менен мамиле түзсө акырындык менен иштери илгерилейт. Эмгек, акыл жана чыдамкайлык менен үй бүлөнү бекемдей бериңиздер.

4,13,22, 31 сандарынын адамдары бул жылы жакын адамдарыңыздарга сүйүүңүздөрдү далилдеш үчүн  жеке кызыкчылыгыңыгыздардан баш тартууга туура келет. Жыл чыгармачылыкта жана жалпы иштерде ийгиликтүү.

5,14,23 сандын ээлери  ар бир сүйлөп жаткан сөзүнө маани берип, таасирдүү адамдардын жана көпчүлүк алдында  татыктуу жүрүүгө аракет жасоолору керек. Бул жылы акчаны тобокелге салып коротуудан, жаман сөздөрдү сүйлөөдөн абайлаңыздар. Андан көрө тырышып иштей бериңиздер.

6,15,24-числонун адамдары үчүн кызмат жана үй бүлө, каражат биринчи орунда турат. Көңул ачууга  убакыт табылбайт. Биринчи болууга жанталашпаңыз, ийгилик бул жылы колго конбосо дагы кийинки жылдардын пайдубалын  тургузуп алууга шарт түзүп алыңыздар.

7,16,25 жеке жашоодо жана  кызматта чоң өзгөрүүлөр күтүлөт.  Ырксыз үй бүлөлөр ажырашат. Жаңы таанышуулар күтүлөт. Баштаган ишти таштабай аягына чыгарыш керек. Ар кандай алдамчыларга ишенбей, Кудайга сыйынып, ата-энелердин колдоосуна таяныңыздар.

8,17,26 числодо туулгандарга 2018-жыл өзгөрүүнүн, тагдырдын буйругу менен жаңылануунун жылы. Жыл татаал, бир калыпта эмес, бирок, жеке жашоодо бактылуу болууга жол ачылат.

9,18,27 числодо төрөлгөндөр  алдамчыларга ишенбеңиздер, алар силердин ишенчээк экениңерди билип алдап кетишет. Үй бүлөдө жана жумушта чыр-чатактар болот тилди тишке кысып унчукпай койгон оң. Азга канааттанып, көптү үмүттөнбөй колдо бар нерсеге топук кылыңыздар.